Курулушта мыйзам бузгандарга 1 миллион сом айып салынды (видео)
Бишкек шаарындагы бир катар курулуш объектилерин текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддин алкагында төмөнкү объектилер текшерилди:
- “Мүрөк” спорттук медицина жана реабилитация борбору;
- Арча-Бешик конушу, Шербет көчөсү, 11 дарегиндеги 5 кабаттуу кеңсе имараты;
- Карасаев көчөсү, 128 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үй;
- Көк-Жар айылындагы 16-тилкеде жайгашкан 9 кабаттуу турак үй;
- Панфилов көчөсү, 11 дарегиндеги эмерек салону.
"Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн подряддык уюмдарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине (Долбоорлоо жана куруу эрежелерин бузуу) ылайык жалпы суммасы 1 миллион сом айып пул салынды", - деп кошумчаланды маалыматта.
Курулуш объектилеринде мыйзам бузгандарга 1 миллион сом айып салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:12
2026-10-30
18:27
2026-10-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















