Депутаттар “Кумтөр” боюнча кысым көрсөтүлүп жатканын айтышты
Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров “Кумтөр” маселеси боюнча депутаттарга кысым көрсөтүлүп жатканын айтып чыкты. “Кечээ мага 5 адам келип, өкмөт сунуштаган жаңы макулдашууну колдоп коюшубузду өтүндү. Түшүнөм, мындай нерсе ар бириңиздерге болуп жатат. Бирок элдин кызыкчылыгын эске алуу менен бир чечимге келишибиз керек. Качанга чейин жүрө беребиз?"- деди Кочкоров депутаттарга.
Эскерте кетсек, учурда парламентте жаңы келишим боюнча макулдашылган комиссия иштеп жатат. Ага 5 фракциянын лидерлери жана өкмөт башчы кирди. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы саат 15:00дө белгилүү болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















