Ысык-Көлдүн тоолорун байырлаган аркар-кулжалардын жүрүшү (видео)
Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде жапайы жаныбарлардын өзгөчө жүрүшү тасмага түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Видеодо аркар-кулжалар менен тоо текелери биринин артынан бири сапка тизилип, тоо арасындагы сай менен өйдө көздөй бара жатканын көрүүгө болот.
Министрлик мамлекеттик жаратылыш коруктары жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоодо, алардын эркин көбөйүп, коопсуз жашоосуна шарт түзүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Ысык-Көлдө жапайы жаныбарлардын өзгөчө жүрүшү видеого тартылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:12
2026-10-30
18:27
2026-10-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















