Кытайда “Реалды” бойкоттоого чакырыктар күчөдү
Кытайдын маалымат каражаттары франциялык футболчу Килиан Мбаппеге байланыштуу чуудан кийин мадриддик “Реал” клубун сынга алууда. Бул тууралуу Marca басылмасы жазды.
Кытайлык ЖМКлар клубдун окуя боюнча дээрлик 48 сааттан кийин гана кечирим сураганын сындап, муну Винисиуска карата расизм фактысына клубдун ыкчам реакциясы менен салыштырышууда. Алар “Реалды” кош стандарттуулукка айыпташууда.
Мындан улам Кытайда клубду бойкоттоого чакырыктар күчөп, “Реал” олуттуу каржылык жоготууларга учурашы мүмкүн экени айтылууда.
Кытайлык маалымат каражаттарынын айтымында, клубдун мындай мамилеси күйөрмандардын ишенимине доо кетирип, анын Кытайдагы коммерциялык кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















