super.kg logo

Экинчи аял алып... Президентке Баткенде жолуккан аялдын жолдошу камалды (видео)

 

Президент Садыр Жапаровдун Баткен эли менен болгон жолугушуусунда жолдошу экинчи аял алып, үч баласы менен өзүн үйүнөн кууп жатканын айткан Гүлзат айымдын күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда жактоочу Адилет Мерканов билдирди.

"Гүлзат айымдын күйөөсү экинчи аял алып, ошондой эле өз инисине арыз жаздырып, экөөнүн ортосундагы мүлктөрдү өзүнө ыйгарып алган. Бүгүнкү күндө Гүлзат айымдын күйөөсү камакка алынды", - деди жактоочу.

Октябрь райондук милициясынын маалыматына ылайык, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында 1975-жылы туулган жаран кармалган.

Андан соң Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүү камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.






Үч баласы менен үйүнөн куулуп жатканын айткан аялдын күйөөсү камакка алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.10.2026. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял менен күйөнүн талашында дайыма күйөсү күнөөлүү деген жалган ураандар - үй-бүлөнү коргоонун эмес, аны жок кылуунун урааны.
31.10.2026. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
​"Күйөөм жаман" деген катындардын жарнамасы ар бир үйдүн босогосунан аттап кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: