Бишкекте велосезондун жабылышы өтөт
8-ноябрда Бишкек шаарында быйылкы велосезондун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда мэриядан билдиришти.Маалыматка ылайык, веложүрүш саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталып, "Газпром — балдарга" ден соолукту чыңдоо комплексинин жанында аяктайт.
"Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин Жеңиш паркында жүргүзүлөт. Веложүрүшкө каалоочулардын баары катыша алышат. Буга байланыштуу Аалы Токомбаев проспектисинин түндүк тарабындагы жолдун батыш багытында саат 09:45тен 10:30га чейин унаа кыймылы чектелет", - деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:12
2026-10-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















