Орозобек Токтомамбетов дүйнө чемпиондугунда медалсыз калды
Кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугундагы мелдешин аяктады.
Балбан бүгүн, 31-октябрда, эркин күрөш боюнча 74 килограмм салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде АКШнын өкүлү Жеймс Гринге 0:5 эсебинде жеңилди. Америкалык балбан кийинки беттешинде орусиялык спортчуга утулду.
Мындан улам Орозобек Токтомамбетов коло медаль үчүн күрөшүү ннмүмкүнчүлүгүнөн ажырап, дүйнө чемпиондугун медалсыз жыйынтыктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















