Мурдагы министрге таандык делген мыйзамсыз имарат буздурулду (видео)
"Байтик" метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имарат буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имаратты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча дарыясынын өзгөчө коргоо режими белгиленген суу коргоо зонасына курган.
"Бул факты боюнча мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кылмыш жоопкерчилигине тартылып, мамлекетке келтирилген 7 миллион 650 миң сом зыян толугу менен өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
"Байтик" метеостанциясында мыйзамсыз курулган имарат буздурулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















