super.kg logo

Бишкекте үч фонтан пайдаланууга берилди (видео)

 

Бишкекте кечээ, 31-октябрда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Алтын балыктар" фонтанынын инженердик тутумдары жаңыланып, тарыхый көрүнүшү сакталган. Жаңы фонтандар үч айда курулуп бүткөн.

Шаар мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, долбоорлор шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жашыл аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.

Буга кошумча, ал шаардагы тартипти камсыз кылууда муниципалдык кызматкерлердин салымын белгиледи.

"2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин силердин эмгегиңердин аркасында 8800 мыйзамсыз объект боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Алардын айрымдары демонтаждалса, башкалары мыйзам талаптарына ылайык келтирилди. Силердин ишмердүүлүгүңөрдүн натыйжасында шаарга парктардын жана скверлердин аймактары кайтарылып, коомдук мейкиндиктер калыбына келтирилип, аларды мындан ары көрктөндүрүүгө шарт түзүлүүдө", - деди Жунушалиев.

Мындан тышкары, иш-чарада 20 кызматкерге 50 миң сомдон акчалай сертификат тапшырылып, буга чейин дагы 10 кызматкер сыйланганы маалым болду.






Бишкекте үч фонтан пайдаланууга берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: