Кыйынчылыктарга моюн сунбаган эне: Айым Тулемишеванын жүрөк козгогон баяны
Эки кызы тең өзгөчө камкордукка муктаж болгонуна карабастан, жашоого позитивдүү көз караш менен караган эненин тагдыры көпчүлүктү кайдыгер калтырбайт.
Бул жолку SUPER.KG порталынын YouTube каналынын каарманы - Айым Тулемишева. Ал - турмуштун сыноолоруна моюн сунбай, кыздары үчүн күрөшүп келе жаткан кайраттуу эне.
Маекте жолдошунун колдоосу, жакындарынын мамилеси, кыздарынын тагдыры жана жүрөгүндө багып жүргөн ырчы Анжелика менен жолугушуу тилеги тууралуу сөз болду.
Ошондой эле эки кызынын тең өзгөчө камкордукка муктаж болушуна эмне себеп болгону, социалдык тармактарда активдүү болгон каарманыбыздын үй-бүлөсү тууралуу көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берилди.
Айымдын аракетчилдиги, жашоого болгон позитивдүү көз карашы жана кыйынчылыктарга карабай алдыга умтулуусу көпчүлүккө үлгү боло алат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















