super.kg logo

Кызыл-Кыяда 25 жаштагы келиндин өлүмүнө жолдошу шектелүүдө

 

Интернет желесинде Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында каргашалуу окуя катталганы боюнча маалымат тарады. Анда 25 жаштагы келин жолдошу тарабынан сабалып, каза таап, андан соң денеси сууга ыргытылганы айтылууда. Анын артында үч баласы калганын жакындары билдиришти.

Баткен облустук милициясы бул маалыматты тастыктап, бирок маркумду күйөөсү балта менен чаап өлтүргөн деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын кабарлады.

Маалым болгондой, 31-октябрда саат 11:20 чамасында милицияга 2002-жылы туулган Караван айылынын Д.С. аттуу тургуну каза болгон абалда ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар түшкөн.

Милиция келиндин өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары келиндин 1995-жылылы туулган М.К. аттуу жолдошун кармады. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.

Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: