super.kg logo

Казакстан чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө электрондук уруксат талабын киргизүүдө

 

1-ноябрдан тартып Казакстанда өлкөгө барган чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук уруксат берүү системи этап-этабы менен ишке киргизиле баштады. Жаңы тартип өкмөттүн токтому менен каралганын жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалымдалгандай, электрондук кирүү уруксаты — ETA (Electronic Travel Authorization) визасыз режимде Казакстанга кирүүгө укугу бар чет өлкөлүк жарандар үчүн каралган.

Системди төмөнкү этаптар менен киргизүү пландалууда:

  • 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып — Актау эл аралык аэропортунда, ошондой эле Павлодар облусундагы "Үрлү-Төбө", Жамбыл облусундагы "Аухатты", Түркстан облусундагы "Атамекен" жана Жетису облусундагы "Нурлы Жол" унаа өткөрүү пункттарында;
  • 2027-жылдын 1-январынан тартып — Астана жана Алматы аэропортторунда;
  • 2027-жылдын 1-мартынан тартып — мамлекеттик чек арадагы калган өткөрүү пункттарында.

"Документти QazETA мамлекеттик санариптик платформасы аркылуу алууга болот. Жаңы система туристтик компанияларга, мейманканаларга жана чет өлкөлүк адистерди чакырган уюмдарга да тиешелүү болот. Электрондук уруксатты алуу акысыз болот. Ал 180 календардык күнгө жарактуу, бирок бул убакыттын ичинде Казакстандын аймагында жалпы 90 күнгө чейин гана жүрүүгө болот. Ошондой эле уруксат алуудан бошотулган 29 категориядагы адамдар бар. Алар тиешелүү документтерин көрсөтүшү керек. Мисалы, Казакстандын жарактуу визасы барларга, айрым дипломаттарга, 16 жашка чейинки балдарга жана 65 жаштан өткөн адамдарга электрондук уруксат талап кылынбайт", - деп белгиленет маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: