Баңгизат ташууга шектелген жаран АКШдан Кыргызстанга алынып келди (видео)
Баңгизат ташууга шектелген жаран АКШдан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал АКШдан колго түшүп, Кыргызстанга алынып келген. Шектүү кыргызстандык 2024-жылдын башында баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды өлкө аймагына аткезчилик жолу менен жеткирүү каналын уюштурган. Ал Кошмо Штаттарда убактылуу жашап жүргөндө кургатылган марихуана гүлдөрүн, ошондой эле психотроптук заттарды сатып алып, аларды ар кандай эл керектөөчү товарлардын ичине жашырып, тааныштарынын атына таризделген эл аралык почта жөнөтмөлөрү аркылуу Кыргызстанга жөнөтүп турган.
Кийинчерээк аталган почта жөнөтмөлөрүн алуучулар үчүнчү жактарды тартуу менен баңгизат каражаттарын Бишкек шаарынын жана Чүйдүн аймагында мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурушкан. Учурда аталган факт боюнча кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана иштин башка жагдайларын тактоо максатында зарыл болгон тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Баңгизат ташууга шектелген жаран АКШдан Кыргызстанга алынып келинди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















