Өзбекстанга Роналду келбей калды. Себеби
Бүгүн, 2-ноябрда Өзбекстандын "Пахтакор" жана Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" командалары беттешет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн футбол уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, оюн Ташкент шаарындагы "Пахтакор" борбордук стадионунда өтмөкчү. Беттеш Кыргызстандын сааты боюнча 19:45те башталат.
Белгилей кетсек, "Аль-Насрдын" башкы жылдызы Криштиану Роналду бул оюнга катышпайт. Команданын машыктыруучусунун айтымында, оюнчулардын тыгыз графигине байланыштуу Роналду жана дагы эки-үч футболчуга эс алуу берилген. Эми күйөрмандардын көңүлү атактуу жылдызы жок "Аль-Насрдын" оюн талаасында кандай жыйынтык көрсөтөрүнө бурулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















