Atlantic: АКШ Иранга сокку урууну кайра башташы мүмкүн
АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресске аралык шайлоодон кийин Иранга карата аскердик соккуларды кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Atlantic журналы америкалык лидердин кеңешчилерине шилтеме берүү менен жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Трамп акыркы апталарда Тегеранга карата мындан аркы аракеттердин бир нече вариантын, анын ичинде сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга багытталган аскердик операцияларды талкуулап жатат. Бирок акыркы чечим кабыл алына элек.
Журналдын маалыматына ылайык, өткөн аптада АКШнын коргоо министри Пит Хегсет, Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы Дэн Кейн жана АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Брэд Купер Иранга карата мындан аркы аракеттердин сценарийлерин талкуулашкан.
АКШда Конгресске аралык шайлоо 3-ноябрда өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















