Баткен. БатМУнун алдындагы Гуманитардык-экономикалык колледжде "Күз периси" наамынын ээси аныкталды



29-октябрь күнү БатМУнун алдындагы Гуманитардык-экономикалык колледжинин студент кыздарынын арасында “Күз периси” сынагы болуп өттү. Сынак 4 шарттан туруп, ага 1-курстан 4-курска чейинки 11
студент кыз катышты. Жыйынтыгында 3-орунга 3-курстун студенти Бакытбек кызы
Чынара илинсе, 2-орунду 2-курстун студенти Сейдана Кенжебаева камсыз кылды. 3-курстун студенти Артык кызы
Айгүл 1-орунду ээлесе, "Күз периси" деп Аман кызы Нурзада табылды. Жеңүүчүлөргө
кызыктыруучу белектер тапшырылды. Калыстар тобунун чечимине нааразычылыктар жаралбай, көрүүчүлөр
жакшы маанайда тарап кетишти.
Автор: Бегайым Тажибай кызы
1. 2-орунду ээлеген 2-курстун студенти Сейдана Кенжебаева.
2. 3-орунду алган 3-курстун студенти Артык кызы Айгүл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

