super.kg logo

"Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарына кылмыш иши козголду" деген маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы четке какты

 
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 5-февралда билдирди. Маалыматка ылайык, А.Д. аттуу министрдин орун басары 2013-жылдын май айынан ноябрь айына чейин ӨКМдан турак жай үчүн каралган каражатынан ай сайын 20 миң сомдон алып турган жана жалпысынан 140 миң сомду өздүк эсебине өткөрүп алган. Ага “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматы: “Министрдин орун басарынын күнөөсү жок экени аныкталып, кылмыш иши жабылган. Эч кандай далил таба алышкан эмес. Учурда Давлетбек Алимбеков жумуш ордунда иштеп жатат. Ал министрликтин каржы тармагын көзөмөлдөйт”,- деп билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: