7-февралда Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына карата "Өчпөс из калтырган инсан" аттуу көргөзмө өтөт
7-февралда КРнын Улуттук китепканасында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына карата “Өчпөс из калтырган инсан” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Улуттук китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Ибраимовдун өмүр таржымалын чагылдырган китептер, сүрөттөр, гезит-журналдарга жарыяланган макалалар коюлат. Ага ЖКнын депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын кызматкерлери жана студенттер катышат.
Кошумчалай кетсек, Жумабек Ибраимов СССРдин Жогорку Советинин, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 2 жолку депутаты болуп шайланган. Физика-математика илимдеринин кандидаты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















