super.kg logo
  Саясат  

ЖКда депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбеков боюнча Жогорку Соттун чечимин УКМК аткарбай жатканы айтылды

 
Депутат Курманбек Осмонов кесиптеши Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбековду үй камагына чыгарууну талап кылды. Айыпталуучунун адвокаты менен укук коргоочулардын кайрылуу катын депутат ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин 18-декабрдагы жыйынында тааныштырды. Анын айтымында, Эльдар Мадылбековдун оорулуу экенин аныктаган УКМКнын медициналык бөлүмүнүн чечими бар, ага гепатит С деген диагноз коюлган. "Айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу Жогорку Соттун токтому бар, бирок соттун чечимин УКМК аткарбай жатат" дейт Осмонов. Депутат Эркин Алымбеков да Жогорку Соттун чыгарган чечими аткарылышы керектигин баса белгиледи.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: