Аксыда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүдөн мамлекетке 91 миллион сом зыян келтирилген
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кызмат адамдары жайыт жана сугат жерлерин мыйзамсыз жеке менчикке жана муниципалдык менчикке өткөрүп беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө 2021-2024-жылдары 1,41 гектар жайыт жана 0,68 гектар сугат жери мыйзамсыз жеке менчикке берилгени аныкталган. Мындан тышкары, 2,45 гектар жайыт жана 3,2 гектар айыл чарба жери муниципалдык менчикке өткөрүлүп, кийин коммерциялык объекттерди куруу үчүн ижарага берилген.
Натыйжада мамлекетке 91 миллион 302 миң 240 сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:52
2026-11-06
17:30
2026-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















