super.kg logo

Жылнаама, 6-февраль: Мындан 12 жыл мурун Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылышына каршы ачкачылык кармаган журналист Шералы Назаркулов каза болгон

 

* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы журналист Шералы Назаркулов каза тапкан. Элдин бүтүндүгү үчүн Акаевдин бийлигине каршы чыгып, ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду камакка алууга жана Кытайга берилген Үзөңгү-Кууш менен Аксы окуясына каршы пикирин айтып чыккан бир катар укук коргоочулар менен кошо Шералы Назаркулов ачкачылык кармап, 22 күндөн кийин дүйнөдөн кайткан. Шералы Назаркулов 1950-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулган.

* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы премьер-министр Феликс Кулов президент Курманбек Бакиевге кат жөнөткөн. Өкмөт башчынын катында буга чейин анын 26-январда жасаган билдирүүсү мамлекет башчынын аброюна шек келтирүү же өзүм билемдик эмес экендиги белгиленген. “Жогорку Кеңештеги сүйлөгөн сөзүңүздү даярдаган адамдар менин билдирүүм тууралуу туура эмес багыт беришкен” деп жазылат ал катта. Премьер-министрдин пикирине караганда, бийликтин криминалдашышы тууралуу чет өлкөлүк дипломаттар, коомдук уюмдар, саясий партиялар жана карапайым адамдар да айтып башташкан. Өкмөт башчы айрым мамлекеттик кызматкерлердин жашыруун мамилесинен пайдаланган криминалдык чөйрөлөр бийликке кирип келгенге аракет жасап жатканда ал өлкөдө болуп жаткан окуяларга унчукпай карап тура албастыгын билдирген. 

* Мындан 53 жыл мурун, 1961-жылы орусиялык Биринчи каналдын башкы директору, продюсер жана телеалпаруучу Константин Эрнст Москвада туулган. Ленинграддагы №34-орто мектепти аяктап, ал эми 1983-жылы Ленинград университетиндеги биология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Илим-изилдөө институтунда баштап, 25 жашында биохимия боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 1988-жылы телевидение ааламына келип, Орусиянын эң ири каналы болгон Биринчи каналдын башкы директорлугуна чейин көтөрүлгөн.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: