Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 9 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте 50 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйүп кетти
Акыркы сутка ичинде республика аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Бишкек шаарында 50 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 5 өрт кырсыгы катталган.
Кечээ, 5-февралда саат 16:02 чамасында Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталган. Анда турак үйдүн жана курулуш чарбасынын 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Буга электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон. Өрттөн жабыркагандар болгон жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.