Ысык-Көл. Караколдо шаар мэринин шахмат боюнча кубогу өтөт
Ушул жылдын 23-26-декабрь күндөрү Каракол шаарындагы "Алга" спорт-комплексинде шахмат боюнча шаар мэринин кубогу өтөт. Бул таймашка бардык каалоочулар катыша алышат. Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш эки категорияда жүргүзүлөт. Биринчиси чоңдор арасында же 15 жаштан улууларга, экинчиси 15 жаштан ылдыйкылар ат салышышат. Баш байгени багынткан спортчулар атайын кубок, төш белги жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Мелдештин байге фондусу 10 миң сомду түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

