super.kg logo

Жаңы аталыш, жаңы мүмкүнчүлүктөр: Kolumda Beeline супераппы менен таанышыңыз

 

Тарифти жаңыртуу, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын номерин жана байланышын башкаруу, сатып алуулар жана коммуналдык кызматтар үчүн төлөө, виртуалдык картаны ачуу жана ал тургай онлайн насыя алуу — мунун баарын бир тиркемеде жасоого болот. Улуттук мобилдик оператор Beeline байланыш кызматтарын жана финансылык сервистерди бириктирген Kolumda Beeline супераппын сунуштайт.

Буга чейин «Мой Beeline + Balance» деп аталган тиркеме жаңы аталышка, заманбап дизайнга жана түшүнүктүү навигацияга ээ болду. Эми бул жөн гана абоненттин жеке кабинети эмес, күнүмдүк иштерди тез жана оңой чечүүгө жардам берген көп функционалдуу санарип жардамчы.

Kolumda Beeline менен сизде дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар:

  • Тариф боюнча калдыктарды текшериңиз. Тиркеменин башкы экранында эле канча гигабайт, мүнөт жана SMS калганын дароо көрө аласыз.
  • Байланышты башкарыңыз. Тарифти өзгөртүп, кызматтарды кошуп жана балансты түздөн-түз тиркеме аркылуу толуктаңыз.
  • Жакындарыңыздын номерлерин «Жакын чөйрө» бөлүмүнө кошуңуз. Балаңыздын балансына көз салып, улуу муундагы жакындарыңызга керектүү кызматтарды кошууга жардам бериңиз жана жакындарыңыздын байланыш чыгымдарын өз телефонуңуздан көзөмөлдөңүз.
  • Виртуалдык банк картасын ачыңыз. Картаны Beeline'дын Kolumda кызматына кошуп, күнүмдүк финансылык маселелериңизди бир нече чыкылдатуу менен чечиңиз.
  • Соода-сатык жана коммуналдык кызматтар үчүн төлөңүз. Тиркеме аркылуу дүкөндөрдө QR код менен же электр энергиясы, суу жана башка кызматтар үчүн төлөм жүргүзө аласыз.
  • Онлайн насыя алуу үчүн арыз бериңиз. Сиз кеңсеге барбастан эле насыя ала аласыз.

Kolumda Beeline'ды иш жүзүндө баалаңыз. Тиркемени акыркы версиясына чейин жаңыртыңыз же аны App Store же Google Play'ден жүктөп алыңыз. Байланыш жана төлөмдөр үчүн керектүү нерселердин баары колуңузда болсун!

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КР МТБМК караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: