Бишкек шаарындагы баш калкалоочу жайларда 207 үй-жайсыз адам бар
Учурда Бишкек шаарындагы баш калкалоочу жайларда 207 үй-жайсыз адам бар. Бул туурасында Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, борбордогу төрт райондо бирден баш калкалоочу жай бар. Аларда бир маал ысык тамак каралган. Ошондой эле медициналык көзөмөл дагы уюштурулган. Мындай жайлар өткөн жылдын 5-ноябрынан бери үй-жайсыз адамдарды кабыл алып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















