Талас. Экс-президент Роза Отунбаева Бакай-Атада бала бакча ачат
Экс-президент Роза
Отунбаева 25-октябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата айылында биринчи бала
бакчаны ачуу салтанатына катышат. Бала бакча жаңы үй эмеректери жана башка
керектүүлөр менен жабдылып, баш-аягы 500 миң сомдун тегереги сарпталган.
Роза Отунбаева өз
сапарында Ак-Сай жана Көк-Ой айылдарына да барат. Анда бала бакчаларды ачуу
үчүн базалар каралууда. Ошондой эле экс-президент Талас облусунун эли менен мектепке
чейин билим берүү маселелери боюнча жолугушууларды өткөрөт.
Автор: Эльвира Караева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















