super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: “Эркин Алымбековго вице-премьер-министрлик кызматты берүүгө даярмын”

 

“Кумтөр” боюнча үлүштү 67 пайыз кыла алам" деген депутат Эркин Алымбековго вице-премьер-министрлик кызмат түзүп берүүгө даярмын”,- деди ЖКнын 6-февралдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев. Айтымында, бул расмий чечим.

“Эркин Алымбеков өзү айткан, “вице-премьер-министрлик статус берсеңер, 67 пайыз кылам” деп. Мен расмий түрдө билдирем, ага аталган кызматты берүүгө даярбыз. Штатты өзгөртүү кыйыныраак болот, бирок Алымбековго “Центерра” менен сүйлөшүүгө жетиштүү статус менен кызмат ордун түзүп беребиз”,- деди өкмөт башчы.

Ал эми эл өкүлү Эркин Алымбеков азыркы өкмөт менен үлүштү 67 пайыз кылуу мүмкүн эместигин баса белгилеп өттү. 

"Мен кечээ так айткам, азыркы өкмөт менен үлүштү 67 пайыз кылуу мүмкүн эмес. Бул өкмөт канадалык тараптын кызыкчылыгын көздөп жатат. Азыркы өкмөт сыйы менен отставкага кетсин да, башка өкмөт түзүлүп, ишин уланта берсин. Мага премьер-министрликтин кереги жок. "Кумтөр" маселесин вице-премьер-министрлик статус менен эле 1 жыл ичинде чечип коюуга болот",- деди Алымбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: