Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик коопсуздук инспекциясында коррупциялык схемалар аныкталды
Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик коопсуздук инспекциясында коррупциялык схемалар аныкталды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын июль айында аталган инспекция шарп жана чечек оорусуна каршы 31,8 миллион сомго вакцина сатып алган. Текшерүүнүн жүрүшүндө вакцинаны сатып алууда баалардын жогору болгондугу аныкталган. Мунун кесепетинен мамлекет 10,5 миллион сомго зыян тарткан.
Учурда “КРнын кызыкчылыктарына каршы мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
zamir_kgz

06.02.2014. 13:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды мурун эле текшериш керек болучу, азаматсынар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.