Аксайдагы чет элдиктердин кулжага аңчылык кылганы мыйзамдуу экени маалымдалды (видео)
Социалдык тармактарда чет элдик жарандын аркар-кулжага аңчылык кылып жаткан видеосу тарады. Бул боюнча бүгүн, 16-ноябрда, Жаратылыш ресурстары министрлиги текшерүү жүргүзүп, аңчылык мыйзам талаптарына ылайык болгонун билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Нарын облусунун Аксай өрөөнүндө болгон. Кызыл китепке кирген Марко Поло кулжасын олжолоого белгиленген квотанын чегинде, 7 жаштан жогорку эркек кулжаларга гана уруксат берилет.
Министрликтин маалыматына ылайык, видеодогу кулжанын жашы белгиленген талапка туура келет.
"Жыл сайын Марко Поло кулжаны олжолоонун жалпы лимити 150 башка чейин өлчөмүндө белгиленет. Ал эми быйылкы аңчылык мезгилинде белгиленген лимиттин чегинде 133 баш Марко Поло кулжаны олжолоого уруксат каралды", - деп кошумчаланды маалыматта.
Аксай өрөөнүндө чет элдик жаран кулжага аңчылык кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-11-16
12:15
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















