Чүйдө сапатсыз басылган асфальт кайрадан төшөлүүдө (видео)
Чүй облусундагы Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир унаа жолунда жүргүзүлгөн текшерүүдө асфальт төшөө иштеринен мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Муниципалдык инспекциядан билдиришти.
Маалым болгондой, текшерүү 3,2 чакырым жол тилкесин камтып, курулуш ченемдери жана техникалык талаптар сакталбаган.
"Бул факт боюнча подрядчы "Дол Нур ЛТД" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу тапшырылды. Учурда талапка жооп бербеген асфальт катмары алынып, жолго асфальт кайрадан технологиялык талаптарга ылайык төшөлүүдө",- деп маалымдады мекеме.
Сапатсыз басылган асфальт кайрадан төшөлүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:39
2026-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















