Жалал-Абад. Чет тилдүү мектептерде кыргыз тилине болгон кызыгуусун артыруу үчүн ачык сабактар өткөрүлүүдө
Бүгүн, 6-февралда Жалал-Абад шаарындагы №1-орус гимназия жана №13-орус-өзбек мектептеринде кыргыз тили жана адабият сабактарынан ачык сабактар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын максаты чет тилдүү мектептерде окуучулардын кыргыз тили сабагына кызыгуусун арттыруу, инсандык чыгармачылыгынын өнүгүүсүн камсыз кылуу жана мамлекеттик тилдин маанисин, кадыр-баркын жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхын, маданий мурастарын билүүгө, баалоого жана сактоого багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

