Айсулуу Тыныбекованын Париж Олимпиадасында кийген трикосу 600 миң сомго сатылды (видео)
Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекованын Париждеги Олимпиада оюндарында кийген спорттук кийими кайрымдуулук аукционунда 600 миң сомго сатылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бул трико спорттогу эмгеги, толкундануусу жана баа жеткис эскерүүлөрү менен байланыштуу. Спортчу андан ажыроо оңой болбогонун, бирок түшкөн каражаттын кайрымдуулукка жумшалары кубандырганын белгиледи.
"Чогулган каражат жаштарга билим алууга багытталат. Колдоо көрсөткөн ар бир адамга чоң рахмат. Эң чоң жеңиш өз ийгилигиң менен башкаларга жакшылык тартуулоо"-деп жазды Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекованын Париж Олимпиадасында кийген трикосу 600 миң сомго сатылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:02
2026-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















