Бишкекте электромобиль каналга түшүп кетти (видео)
Бүгүн, 23-ноябрда саат 08:00 чамасында Бишкектеги Калый Молдобасанов жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде электромобиль каналга түшүп кетти. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Ага ылайык, BYD Song Plus үлгүсүндөгү унаанын тормоз системасы иштебей калган. Натыйжада электромобиль Subaru Legacy үлгүсүндөгү унааны сүзүп, Түштүк Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.
Кырсыктан жабыркагандар жок.
Видео: Rashid.Braun
Бишкекте электромобиль каналга түшүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:12
2026-11-23
23:40
2026-11-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















