Сокулукта 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган ири ат майданы курулууда (видео)
Бишкек шаарында жаңы Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда мэрия билдирди.
Маалым болгондой, долбоор Сокулук районундагы Белек айылына жакын жерде, жалпы 114 гектар аянтка курулат.
"Комплекс эки негизги аренаны камтыйт. Анын бири 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ат майданы болсо, экинчиси көк бөрү мелдештерин өткөрүүгө арналган 25 миң орундуу арена болот. Жалпысынан комплекс 35 миң көрүүчүгө ылайыкталат. Мындан тышкары, аймакта аттарды машыктыруучу аянтчалар, жылкыларды багуу жайлары, ветеринардык борборлор жана көрүүчүлөр үчүн кошумча шарттар түзүлөт",- деп кошумчалады мекеме.
Долбоор улуттук ат спортун өнүктүрүүгө, кыргыз элинин салттуу оюндарын жайылтууга жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, буга чейин колдонулуп келген "Ак-Кула" ат майданын бузуп, жаңы ипподром куруу планы 2020-жылы көтөрүлгөн. Бирок кийинчерээк мурдагы ат майдандын 45,73 гектар жери турак жай жана бизнес комплекстерин куруу үчүн инвесторго берилди. Учурда ал жерде көп кабаттуу үйлөр курулууда.
Бишкектин четинде ири ат майданы курулат
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















