super.kg logo

Кыргызстанда бир жумада 459 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталды

 

Үстүбүздөгү жылдын 13-19-ноябрь күндөрү Кыргызстан боюнча 21 миң 624 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен:

  • 459 айдоочу унааны мас абалында башкарган;
  • 1310 айдоочу ылдамдыкты ашырган;
  • 902 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа башкарган;
  • 193 унаанын айнеги мыйзамсыз караңгылатылган;
  • 765 жөө жүргүнчүлөр катышкан эреже бузуу катталган;
  • 33 автоээнбаштык фактысы аныкталган.

Мындан тышкары, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3041 унаа айып короосуна токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана жол коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: