super.kg logo

Ташкентте баңгизат кылмышына шектелип чет элдик жарандар кармалышты (видео)

 

Кечээ, 23-ноябрда Ташкентте баңгизаттарды тараткан ири кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары билдиришти.

Маалыматка ылайык, топтун өзүнчө кампасы, жетекчиси, баңгизаттарды жашыруун жайларга калтырып кетүү менен алектенген таратуучулары болгон. Кампаны буга чейин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча соттолгон 28 жаштагы жаран башкарган.

"Учурда баңгизаттарды жашыруун жайларга коюп таратуу менен алектенген алты адам кармалып, алардын арасында чет элдик жарандар да аныкталды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, баңгизаттарды топко чет өлкөлүк жаран жеткирип турган. Ал тыюу салынган заттарды бажы көзөмөлүнөн жашырып, чек ара аркылуу мыйзамсыз алып кирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда дагы кайсы өлкөлөргө таратылганы аныкталууда",- деп белгиленди маалыматта.






Өзбекстанда ири баңгизат таратуучу каналга бөгөт коюлду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: