"Бүтүрдүк да..." Бишкек мэри шаардагы акыркы артыкчылыктарды санады (видео)
Бишкек шаарынын мэриясы бүгүн, 24-ноябрда борбор калаада акыркы жылдары аткарылган иштерди жана жетишилген натыйжаларды чагылдырган видео жарыялады.
Видеодо мэр Айбек Жунушалиев 2021-жылдан бери шаарда аткарылган бир катар иштерге токтолду.
"Мэр болгондон бери “жолдорду казып салды, бүтпөйт” дешти. Аны бүтүрдүк. “Казып койгон Жаштык аренасы бүтпөйт” дешти. Аны бүтүрдүк. Канча жылдан бери чирип жаткан “Алга” спорт комплексин зыңкыйтып бүтүрүп койдук. Азыр жаштарыбыз спорт менен машыгып, 11-орундан байгелүү 3-орунга көтөрүлдү", — деди шаар башчысы.
Ал Бишкекти мындан ары да өнүктүрүп, борбор калааны жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн алдыда бир катар максаттар жана пландар бар экенин белгиледи. Ошондой эле бул иштерди ишке ашырууда шаар кызматкерлеринин эмгеги чоң экенин айтып, аларга ыраазычылык билдирди.
"Шаарды биз өзгөртө алабыз жана өзгөртөбүз. Бул — борбор калаа. Буюрса, дагы ушундай темп менен Бишкек шаарын жаңы деңгээлге чыгарабыз деген максаттарды коюп жатам. Силердин эмгегиңер, кызматыңар эң керектүү. Ошонун арты менен биз максатыбызга жете алабыз. Ошондуктан баарыңарга ыраазычылык билдирем", — деди ал.
Мындан тышкары, 2028-жылы Бишкек шаарынын 150 жылдык мааракеси белгиленерин эске салып, бул иш-чараны мамлекеттик деңгээлде өткөрүү пландалып жатканын айтты.
"Шаарды биз өзгөртө алабыз". Бишкек мэри кызматкерлерге ыраазычылык билдирди (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















