Кышка даярдык: Өзбекстан күйүүчү майдын корун топтой баштады
Өзбекстанда кыш мезгилинде бензин тартыштыгын алдын алуу максатында 102 миң тонна күйүүчү майдын кору топтолду. Бул тууралуу "Өзбекнефтегаз" компаниясы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда компания күн сайын биржага 4,6 миң тонна бензин сунуштап жатат.
"Анын 4,3 миң тоннасын АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү май түзөт. Эгерде суроо-талап көбөйсө, компания жеткирүү көлөмүн алгач суткасына 8 миң тоннага, андан соң 10 миң тоннага чейин көбөйтүүгө даяр", - деп белгиленди маалыматта.
Компания газ бекеттери жабылышы мүмкүн деген маалыматтардан улам, айрым май куюучу жайлар бензинди алдын ала көп сатып алып жатканын белгиледи. Бул биржадагы суроо-талаптын өсүшүнө жана баага таасир этүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:41
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















