Ирандагы концерт беш адамга 74 жолудан камчы жазасын алып келди (видео)
Кечээ, 23-ноябрда Иранда хижабсыз концерт уюштургандарга 74 жолу камчы урулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 2024-жылдын 11-декабрында Кум шаарындагы тарыхый кербен сарайлардын биринде Парасту Ахмади ачык ийин көйнөк кийип, башына хижаб салбастан концерт берген. Аны менен бирге төрт музыкант өнөр көрсөткөн. Концерт түз эфир аркылуу көрсөтүлүп, социалдык тармактарда кеңири тараган.
Бирок Ирандын мыйзамдары боюнча, аялдар коомдук жайларда хижаб кийүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, аялдардын эркектердин алдында жеке ырдап чыгышына да чектөөлөр бар. Ушундан кийин ырчы жана ансамблдин мүчөлөрү коомдук адеп-ахлак эрежелерин бузган деп айыпталып, сот аларга 74 жолудан камчы жазасын чегерди.
Маалым болгондой, сот чечими кечээ, 23-ноябрда аткарылды.
Иран ырчысы хижабсыз концерт берген учуру
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















