Кореялык актер үч мүнөттүн ичинде тогуз жолу кечирим сурады (видео)
Белгилүү түштүк кореялык актер Ко Гён Пёк үч мүнөттүн ичинде тогуз жолу кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, окуя 14-ноябрда болду. Актёр мас абалында унаа башкарып бара жатып, коммуналдык кызматтын таштанды ташыган унаасын сүзүп алган. Натыйжада 60 жаштагы кызматкер жеңил жаракат алды.
Ал 23-ноябрда милициянын бөлүмүнө суракка келип, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жабырлануучудан жеке жолугуп, кечирим сураганы айтылды.
Ошондой эле ал күйөрмандарынан жана шоу-программалардын тартуучу топторуна кайрылып, үч мүнөткө жетпеген убакытта баш ийип тогуз жолу кечирим сураганы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, ал "1988-жылга кайтуу", "Жашыруун агент Хон айым", жана "Келишим боюнча сүйүү" деген белгилүү дорамаларга тартылган.
Кореялык актер үч мүнөттүн ичинде тогуз жолу кечирим сурады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















