super.kg logo

Палестинаны колдогон баннерлер: Израил "Галатасарайдын" үстүнөн УЕФАга даттанды

 

Израил түркиялык «Галатасарай» футбол клубунун күйөрмандарынын Палестинаны колдогон акцияларына байланыштуу Европанын футбол ассоциацияларынын биримдигине (УЕФА) даттанды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, нааразылыкка күйөрмандардын Палестинаны колдогон баннерлерди көтөрүп чыгышы себеп болгон.

Клубдун президенти Дурсун Өзбек 24-ноябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү аталган маселе боюнча УЕФАга кайрылганын билдирди.

Ал Палестина элине колдоо көрсөтүү саясий эмес, гуманитардык позиция экенин белгилеп, УЕФАны даттанууга саясий өңүттөн карабоого чакырды. Ошондой эле палестиналыктардын башына түшкөн оор кырдаалга кайдыгер карабай турганын айтты.

Түркиялык басылмалардын маалыматына ылайык, Чемпиондор лигасынын алкагында англиялык «Астон Вилла» менен беттештин алдындагы коопсуздук жыйынында да бул маселе көтөрүлгөн.

Эгер күйөрмандар беттеш учурунда Палестинаны колдогон баннерлерди кайрадан жайгаштырса, «Галатасарайга» карата санкция колдонулушу мүмкүн.

Азырынча УЕФАнын расмий чечими тууралуу маалымат жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: