Ош. Өзгөндө социалдык жана экономикалык маселелер боюнча коллегиялык жыйын өттү
Өзгөн районунда КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйындын күн тартибине 2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча райондун
социалдык жана экономикалык абалы коюлуп, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө С.Жээнбеков
«ссудаларды мамлекетке кайтаруу, жайыт салыктарын чогултуу, энергетикадагы техникалык жоготууларды жоюу жаатында бир катар кемчилдиктер бар,
ошондуктан тийиштүү жетекчилерден 10 айдын жыйынтыгы менен көйгөйдү чечүүнү
талап кылам» деген катуу талап койгонун КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.
Автор: Уулбү Каныбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

