Ала-Арчада адашып кеткен 17 жаштагы өспүрүм куткарылды (видео)
Кечээ, 28-ноябрда Ала-Арча жаратылыш паркында адашып, тоодон өз алдынча түшө албай калган 17 жаштагы өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 18:59да ӨКМдин 112 кызматына 2009-жылы туулган Т.Ю. аттуу өспүрүмдүн тоодо адашып калганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Байланыш аркылуу анын жайгашкан жери такталып, Комсомолец чокусуна баруучу жолдогу Тепши чекитинен жогору аймакта экени аныкталган.
Саат 19:10до издөө-куткаруу иштерине жөнөп кеткен куткаруучулар 20:34тө өспүрүмдү табышкан. Ал эми саат 21:45те бала аман-эсен базага түшүрүлүп, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
ӨКМдин маалыматына караганда, өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык болгон жана ал медициналык жардамга муктаж болгон эмес.
Министрлик жарандарды тоолуу аймактарга чыгууда абайлоого, аба ырайын алдын ала эске алууга жана өз мүмкүнчүлүктөрүн туура баалоого чакырат. Ошондой эле тоого жалгыз чыкпоо, белгиленген маршруттан алыстабоо жана жашы жете элек балдарды чоңдордун коштоосусуз тоого жөнөтпөө керектигин эскертет.
Кооптуу кырдаалга туш болгон учурда 112 номерине чалуу зарыл.
Ала-Арча паркында адашып кеткен 17 жаштагы өспүрүм куткарылды (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео















