super.kg logo

Бишкекте "Жаратман МУУН – 2026" улуттук жаштар форум-көргөзмөсү өттү (видео)

 

Кечээ, 28-ноябрда Бишкек шаарындагы "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда келечектеги кесиптерге арналган "Жаратман МУУН – 2026" улуттук жаштар форум-көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Министрлик тарабынан уюштурулган иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер жана жаш адистер катышты. Алар келечектеги кесиптер, заманбап технологиялар, билим алуу жана карьералык мүмкүнчүлүктөр менен таанышышты.

Форумдун алкагында кесиптер көргөзмөсү, тематикалык талкуулар, мастер-класстар жана стартап-долбоорлордун презентациялары уюштурулду. Ошондой эле катышуучуларга билим берүү программалары, гранттар, стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, жаш иштеп чыгуучулар өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун жана стартаптарын тааныштырып, эксперттерден баа алуу, ошондой эле демилгелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн колдоо табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.






Бишкекте "Жаратман МУУН – 2026" улуттук жаштар форум-көргөзмөсү өттү

Бишкекте "Жаратман МУУН – 2026" улуттук жаштар форум-көргөзмөсү өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: