super.kg logo

Дрондон тартып акылдуу сугат системасына чейин. Стартаптар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Кечээ, 28-ноябрда Бишкекте өткөн "Жаратман МУУН-2026" улуттук жаштар форумунун алкагында "KEL Start" инновациялык долбоорлор жана стартаптар сынагынын финалы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Илим министрлиги билдирди.

Сынактын финалдык баскычына акселерациялык программадан ийгиликтүү өткөн 30 катышуучу чыгып, өздөрүнүн инновациялык иштелмелерин жана стартап-долбоорлорун сунушташты.

Долбоорлор ведомстволор аралык комиссия тарабынан бааланып, жыйынтыгында эки номинация боюнча жеңүүчүлөр тандалды. Аларга акчалай сертификаттар тапшырылды.

"Инновациялык долбоорлор" номинациясынын жеңүүчүлөрү:

  1. Абышев О. А. — "Water Watch AI";
  2. "Дорога Глобал" жоопкерчилиги чектелген коому — "Doroga Аймак".

"Стартап-долбоорлор" номинациясынын жеңүүчүлөрү:

  1. Абдурахманов Ш. А. — "Жашыл Курут";
  2. Разбаев Т. Д. — "KIKO Learn";
  3. Абакиров Н. М. — "TazaDem";
  4. Абдыев А. Р. — "АгроКоз" (автономдуу дрон);
  5. Ногойбаев М. Д. — "Кетгиб" (вертикалдык тоюттук препараттар);
  6. Сарбагышов К. С. — көп зоналуу сугаруу системасы.

Белгилей кетсек, "KEL Start" сынагын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду уюштурду. Сынак жаш иштеп чыгуучулардын демилгелерин колдоого, инновациялык идеяларын өнүктүрүүгө жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүүгө багытталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: