Дрондон тартып акылдуу сугат системасына чейин. Стартаптар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Кечээ, 28-ноябрда Бишкекте өткөн "Жаратман МУУН-2026" улуттук жаштар форумунун алкагында "KEL Start" инновациялык долбоорлор жана стартаптар сынагынын финалы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Илим министрлиги билдирди.
Сынактын финалдык баскычына акселерациялык программадан ийгиликтүү өткөн 30 катышуучу чыгып, өздөрүнүн инновациялык иштелмелерин жана стартап-долбоорлорун сунушташты.
Долбоорлор ведомстволор аралык комиссия тарабынан бааланып, жыйынтыгында эки номинация боюнча жеңүүчүлөр тандалды. Аларга акчалай сертификаттар тапшырылды.
"Инновациялык долбоорлор" номинациясынын жеңүүчүлөрү:
- Абышев О. А. — "Water Watch AI";
- "Дорога Глобал" жоопкерчилиги чектелген коому — "Doroga Аймак".
"Стартап-долбоорлор" номинациясынын жеңүүчүлөрү:
- Абдурахманов Ш. А. — "Жашыл Курут";
- Разбаев Т. Д. — "KIKO Learn";
- Абакиров Н. М. — "TazaDem";
- Абдыев А. Р. — "АгроКоз" (автономдуу дрон);
- Ногойбаев М. Д. — "Кетгиб" (вертикалдык тоюттук препараттар);
- Сарбагышов К. С. — көп зоналуу сугаруу системасы.
Белгилей кетсек, "KEL Start" сынагын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду уюштурду. Сынак жаш иштеп чыгуучулардын демилгелерин колдоого, инновациялык идеяларын өнүктүрүүгө жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүүгө багытталат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















