"Түнкү приборлорду колдонууга уруксат бериңиз". Мергенчилер президентке кайрылышты (видео)
Ысык-Көл облустук мергенчилер жана балыкчылар коомдук бирикмесинин мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, аңчылык чарбаларында түнкү приборлорду колдонууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу видео бүгүн, 29-ноябрда социалдык тармакка жарыяланды.
Кайрылууда мергенчилер акыркы убакта чөөлөрдүн саны көбөйүп, аңчылык чарбаларындагы жаныбарларга коркунуч жаратып жатканын белгилешти.
"Учурда чөөнүн популяциясы көбөйүп кетти. Заманбап технологияларды колдонуп, жырткыч жаныбарлардын санын азайтпасак, аңчылык чарбаларындагы жаныбарлардын саны кескин кыскарышы мүмкүн", — деп билдиришти алар.
Ошондой эле бирикменин өкүлдөрү бул маселе боюнча "Түндүк" тиркемеси аркылуу министрлер кабинетинин төрагасына петиция жөнөтүшкөнүн айтышты.
Алар президенттен аталган петицияны көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде карап берүүнү өтүнүштү.
"Түнкү приборлорду колдонууга уруксат бериңиз". Мергенчилер президентке кайрылышты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















