super.kg logo

Кыргызстанда майда пара үчүн түрмөгө кесүүнүн ордуна айып пул салуу сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин депутаттары майда өлчөмдөгү пара жана айрым кызматтык кылмыштар үчүн түрмөнүн ордуна айып пул салуу же түзөтүү жумуштарына тартуу сунушун киргизишти. Мыйзам долбоору 27-ноябрда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Сунушка ылайык, айрым кылмыштар үчүн 150 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан эки жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу жазасы киргизилди.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жазаны белгилөөдө эске алынды. Ошондой эле айрым коррупциялык кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгү киргизилди.

Демилгечилердин айтымында, өзгөртүүлөрдүн максаты — кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша жаза белгилөө.

Ошол эле учурда майда өлчөмдөгү пара же келтирилген зыяндын ордун толтуруу кылмыш жоопкерчилигинен автоматтык түрдө бошотууга негиз болбой турганы белгиленди.

Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: