Бишкекте сойкулук кызматын уюштурган Кытай Эл Республикасынын жарандары кармалды




Бишкекте сойкулук кызматын уюштурган Кытай Эл Республикасынын жарандары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Бишкек ШИИББинин адам сатууга жана сойкулук жайларды уюштурууга каршы бөлүмүнүн башчысы Саламат Адылов маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Лермонтов көчөсүндө жайгашкан көңүл ачуучу жайды текшерүү учурунда анда чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөтүлгөнү аныкталган.
“Кытай жарандары караоке-клуб ачышкан. Ал жакка чет элдик жарандар гана кире алышчу. Кыздар кардарлар менен чогуу арак ичишип, андан соң интимдик катнашка барышкан. Кызмат акысы 100 доллар. Анын 1000 сомун кызмат көрсөткөн кыздар алышчу. Ошондой эле ал жерде арак, сыра, сигарет гана сатылчу. Мисалы, сыртта сыра 60 сом болсо, ал жакта 500 сом турган”, - деди Саламат Адылов.
Бишкекте сойкулук кызматын уюштурган Кытай Эл Республикасынын жарандары кармалды




Биринчиден, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
Экинчиден, улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. БАНга!