Сойкулук жайларды уюштурган Кытай Эл Республикасынын жарандарына кылмыш иши козголду
Сойкулук жайларды уюштурган Кытай Эл Республикасынын жарандарына кылмыш иши козголду. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин адам сатууга жана сойкулук жайларды уюштурууга каршы бөлүмүнүн башчысы Саламат Адылов маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, чет элдик жарандарга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жайларды уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
“Ал жакта 8 бөлмө болгон. Бардыгында интимдик кызмат көрсөтүлгөн. Учурда ал жакта кызмат көрсөткөн 26 кызды каттадык. Баары кыргыз кыздар. Айрымдарынын күйөөлөрү бар экен. Бирок алар аялдары жаман иш кылып жүрүшкөнүн билишпейт. Кармалган кыздар 17-24 жаштагылар”, - деди Саламат Адылов.
Бишкекте сойкулук кызматын уюштурган Кытай Эл Республикасынын жарандары кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Биринчиден, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
Экинчиден, улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. БАНга!